• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек- Ош жолундагы жол кырсыганан бир жүргүнчү набыт болду

8 Тогуздун айы 201813:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.10.2018.   Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолунан эки унаа кагышып, андан бир адам каза болду. Ошондой  5 жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалымака ылайык, аталган окуя 6-октябрь күнү саат 3төр чамасында Кара-Суу районуна караштуу  Жаңы-Турмуш айылында болгон. Бүгүнкү күндө аталган кырсык боюнча  Кара-Суу РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 46