Бүгүн, 9-Февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында жол убакытылуу жабылууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баталган жолдун 250-чакырымында жолдорду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында мажбурлап кар көчкүнү түшүрү иштери жүрүп жатат. Ошого байланыштуу ошол участоктогу унаа жолу мал-маалы менен ачылып-кайра жабылып турат.
Тазалоо иштерин Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери алып барууда.