• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкек шаардык кеңешинин биринчи жыйынында пикир келишпестик жаралды

30 Теке 2021 18:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышы ишин баштады. Алгачкы жыйында депутаттардын ортосунда пикир келишпестик жаралды.

Жыйында шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров менен орун басары Русланбек Жакишевдерге орден тапшыруу маселеси көтөрүлдү. Бирок ага «Социал-демократтар» партиясынан депутат болуп келген Кадыр Атамбаев каршы чыкты.

«Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» саясий партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган. Буга добуш сатып алуу фактылары себеп болгон. Аларды орден менен сыйлоонун кажети жок»,-деди Атамбаев.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Жумабек Салымбеков Жаныбек Абиров менен Русланбек Жакишевдерге орден ыйгарууну жаңы келген шаардык кеңештин депутаттарынан суранып өттү.

«Мурдагы спикер менен вице-спикер жаманбы, жакшыбы биз менен 3 жыл тыгыз иштешти. Аны эске алуу менен 27-чакырылыштын депутаттары силерден аларга орден тапшырып коюну суранып кетебиз. Мурда иштеп кеткен өз кесиптештерибизди даңазалайлы. Шайлоодо ар кандай жагдайлар болду. Ага 27- чакырылышты аралаштыруунун кереги жок. Ушул жерде 15 депутат отурабыз. Абиров менен Жакишевге аталган ордендерди ыйгарууну сессиядан суранабыз»,-деди Жумабек Салымбеков.

Количество просмотров: 1470