Бишкекте кайра шайлоого 17 партия катышуу ниетин билдирсе, Ошто 9 партия ат салышат (тизме)
Бишкекте кайра шайлоого 17 партия катышуу ниетин билдирсе, Ошто 9 партия ат салышат (тизме)
14 Кулжа 2021 13:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 17 саясий партия катышат. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 14-июнга карата Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында шайлоого талапкерлигин каттатууга 17 партия тиешелүү документтерди тапшырган.
Алар:
«Ата-Журт Кыргызстан»;
«Эмгек партиясы»;
«Туран» демократиялык партиясы» ;
«Келечек-Будущее»;
«Реформа»;
«Өнүгүү-Прогресс»;
«Биздин Кыргызстан»;
«Биздин Эл»;
«Столица» демократиялык партиясы”;
«Замандаш»;
«Ынтымак»;
«Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы»;
«Жаңы-Мезгил»;
«Социал-демократтар»;
«Ишеним»;
«Улуу-Журт»;
«Жашыл Кыргызстан партиясы».
Ал эми Токмок шаардык кеңешине алты партия арыз берсе:
«Асыл мурас-жаштар».
«Ата Журт Кыргызстан».
«Бирге-Вместе».
«Эл биримдиги».
«Эмгек».
«Патриот ынтымагы».
Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз партия документтерин тапшырды:
«Ынтымак»;
«Улуу Журт»;
«Бир бол»;
«Бүтүн Кыргызстан»;
«Ата-Журт-Кыргызстан»;
«Улуттар Биримдиги»;
«Келечек-Будущее»;
«Нур»;
«Биздин Кыргызстан».
Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.