• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаардык прокуратура кызматкерлери тергөө абагына камалышты

21 Тогуздун айы 202415:49 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук соту Бишкек шаардык прокуратурасынын орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу жана бөлүм башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеевдин бөгөт чарасын карады. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту ырастады.

Эки прокурор тең УКМКнын тергөө абагына 14-декабрга чейин камалды. Алар 343-берене (пара талап кылуу) боюнча айыпталып жатышат.

УКМКнын кызматкерлери 18-октябрда Бишкек шаардык прокуратурасына тинтүү жүргүзүп, эки кызматкерди кармап кеткени буга чейин маалым болгон.

Количество просмотров: 240