• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек шаардык соту Албек Ибраимовду камакта калтырды

17 Аяк оона 201811:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык соту борбордун мурдагы мэри Албек Ибраимовду камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн, 17-сентябрда соттук процесстин жүрүшүндө кабыл алынды.
Мурдагы мэр 2018-жылдын 28-октябрына чейин камакта калат.
Жактоочу Сергей Слесарев аталган чечимге нааразычылыгын билдирип, Жогорку Сотто даттанарын айтты.
Соттун имаратынын алдында Ибраимовдун тарапташтары экс-мэрди бошотуу талабы менен чогулушту.
Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык соту отурумда бир добуш менен Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, аны отставкага жиберишкен.
Кийинчирээк Ибраимов бир катар кылмыш иштерине шектелип кармалган.
Количество просмотров: 113