Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV.
Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу маселеси каралып жатат. 9-апрелдеги отурумга анын ондогон тарапташтары келишти. Алар соттон адилеттик талап кылып жатышат.
Күн мурда акыйкатчы Токон Мамытов бөйрөк рагы менен ооруп жаткан Суталиновду түрмөдөн чыгарууга чакырган.
Сот жараянынын башында адвокаты Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу өтүнүчүн окуп, омбудсмендин кайрылуусун да айта кетти. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү өтүнүчкө каршы эместигин билдирди.
2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.
Адвокаттары Суталиновду «өсмө (рак) оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө дарыгерлердин корутундусуна таянып, абактан чыгарууну соттон өтүнүшкөн. 15-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.