• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз байыгандыгы аныкталды (сүрөт)

8 Чын куран 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунун судьясы тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, КР УКМК Кыргыз Республикасынын судьялары тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин (Мыйзамсыз баюу) боюнча кылмыштын негизинде Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясын «Ж.М.Б.» карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

«Такталгандай, аталган «Ж.М.Б.» аттуу судья мүлктүн көптөгөн объектилерине ээ болгон мыйзамдуу киреше булактары жок болуп, анын ичинде кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объекттер, атап айтканда 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын «алтын аянты» деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери аныкталган.

Муну менен катар, аталган судья «Ж.М.Б.», кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, кезегинде эч кандай далилденген мыйзамдуу киреше булактарын жок кылуу үчүн жакын туугандары жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн.

Учурда «Ж.М.Б.» судьясына таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тиешелүү текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын натыйжалары боюнча, кылмыш ишинин керектүү материалдары кылмыш ишин козгоого макулдук алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 157