• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкек шаарындагы эт комбинатынан чыккан өрт толук өчө элек

10 Баш оона 201810:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.  10.08.2018. Govori.TV
Бишкек шаарындагы эт комбинатынан чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Ленин районунда   9-август күнү саат 04:53 чамасында Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эт комбинатынын чатырынан өрт чыккан. Жабыркагандар жок.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт 9-август күнү саат 11:23тө чектөөгө алынган.
Учурда жеринде КР ӨКМнин Ленин райондук №4 АӨКБдан 2 бөлүм толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө.
Ал эми калган тартылган күч-каражаттар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан. Өрттүн кесепетинен комбинаттын болжолдуу түрдө 5000 чарчы метр аянты күйгөн.
Количество просмотров: 58