• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек шаарынын «адептүү» жаңы мэри ишке качан киришет?

10 Баш оона 2018 18:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.08.2018.Govori. TV
Бишкек шаарынын жаңы мэри Азиз Суракматов жумушун баштай элек. Буга БШК шайлоо жыйынтыгын расмий түрдө жарыялай электиги себеп болууда, – дейт мэриянын басма-сөз кызматы.
Мыйзам боюнча жыйынтык үч күндүн ичинде айтылат. Жаңы калаа башчы эч кандай иш пландарды кабыл ала элек. Анткени расмий түрдө укук берилгенден кийин гана жумуш баштаарын айткан. Суракматов жумушка чыкпай, адептүү болуп БШКнын чечимин күтүп жатпай, коомдун каршылыгы, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен өткөн калаа башчы, эми убадаларын аткарууга өтсө болмок, — деген пикир эл арасында айтылууда.
БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жумуш ордунда жоктугуна байланыштуу мэрге мыйзамдуу түрдө укук бериле элек.
Количество просмотров: 5