• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкек шаарынын негизделгенине 140 жыл

29 Чын куран 2018 9:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.04.2018. Govori.TV

Бүгүн, 29-апрель Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин негизделгенине 140 жыл толду. Бул кутмандуу куракка карата бүгүн баш калаабызда маданий иш чаралар өтүп жатат.
Мэр Албек Ибраимов майрамды Алатоодой эт, Чатыр-Көлдөй чык кылбай, иштиктүү көңүл ачуу менен өткөрөөрүн билдирген.
Ал эми Бишкек боюнча Википедия түрмөгү эмне дейт? Абай салып көрөлү:
Бишкек – Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий, өнөр жай жана маданий борбору жана өлкөдөгү эң ири шаары. Өзгөчө бир административдик бирдиги. 1878-жылы негизделген. Аянты 12,7 миң га. Калктын саны — 879,7 миңге чукул (2012). Өлкөнүн түштүк аймактарына окшобой, калктын арасында орус тилде сүйлөшкөндөрүн пайызы жогору. Бишкек шаарында 4 адм.-айм. бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоңарык шаарчасы (8,2 миң адам) жана Ортосай айылы (4,5 миң адам) бар. Кыргыз Республикасынын түндүк тарабындагы, Чүй өрөөнүндө, Теңир-Тоонун астында, Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде, Казакстан чек арасынан 25 чакырымдык алыстыкта жайгашкан. Шаар аймагы 127,3 чарчы чакырым түзөт. Бишкек деңиз деңгээлинен 700-940 метр жерде жайгашкан.

 

Количество просмотров: 34