• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

10 Баш оона 201818:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.08.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Эльвира Джаркеева кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
Бул чечимди, президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде кабыл алды.
Кол койгон жарлыкка ылайык Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Джаркеева Эльвира Сагыналиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Количество просмотров: 57