• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек шаарында аптеканы тоногон балдар кармалды

7 Бештин айы 2018 11:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.12.2018.Govori.TV

Бишкек шаарында аптеканы тоноого шектелип айыпталган балдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлады.

Окуя 23-ноябрда болгон. Белгисиз 3 адам дарыканага кирип келип, кызматкерлерди тапанча менен коркутуп, 22 миң сомду алып  кетишкен. Аталган факты боюнча Ленин РИИБ тарабынан каракчылык беренеси менен кылмыш иш козголду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1997-жылы туулган И.А. менен 2002-жылы туулган М.у.Б. кармалды. Алар жашаган батирден газотравматикалык тапанча, беткап, 25 гр салмактагы баңгизат табылган . 21 жаштагы И.А. 2 айга СИЗОго камалды. 16 жаштагы М.у.Б. №14 тарбиялоо-эмгектик абагына камалды.

Алардын үчүнчүсү кармала электигине байланыштуу милиция кызматкерлери аны издөөнү улантышууда.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 23