Бишкектин Ленин райондук милициясына 2005-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, тонолгонун билдирген.
Арыз ээсинин айтымында, ал соцтармак аркылуу бейтаныш кыз менен сүйлөшүп, жолугууну макулдашкан. Бирок аны кыз эмес, эки жигит тосуп алып коркутуп iPhone 11 Pro Max телефонун жана саатын тартып алышкан.
Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Териштирүү учурунда милиция 2002-жылы туулган эки шектүүнү кармаган.