• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектиктер түтүндөн тажап, төө жетелеп келишти…

14 Бештин айы 2018 14:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.12.2018.Govori.TV

Бүгүн,14-декабрда Бишкек шаарында “Биз түтүнгө каршыбыз” аттуу акция өтүп жатат. Акция Нарындан атайын алынып келинген төөлөрдүн коштоосунда жөө жүрүштө жаңы конуштарды кыдыруу менен башталды.

Уюштуруучулар бул акцияны баштоого  акыркы мезгилде Бишкек шаарында абанын булганып кетиши себеп болгонун билдиришти. Ошондуктан алар өзгөчөлүк кылып, элдин көңүлүн буруу максатында атайын Теңир-Тоодон төөлөрдү алдырып келишкен.  Алар Бишкек шаарынын тургундары кайдыгер болбой, ар кандай калдыктарды жагып абаны булгабай газ казандарына өтүү жашоочулар үчүн натыйжалуу болоорун сунуштап өтүштү.

Количество просмотров: 10