• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек шаарында карантиндик чектөө аянты кеңейтилди

2 Чын куран 202012:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында карантиндик чектөө аянты кеңейтилди. Бул тууралуу комендатура кабарлады.

Борбор калаанын түштүк тарабындагы төмөнкү көчөлөрдө адамдардын жана автоунаалардын өтүүсүнө тыюу салынат:

• Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
• Сүйөркулов – Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;
• Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр, Малдыбаев, Токтоналиев, Айтматов көчөлөрүнүн түндүк тарабы;
• Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.

Мындай чектөө аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат. Буга чейин Бишкектин чектөөгө алынган борбордук бөлүгүнда да дезинфекция иштери улантылат.

18-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 116 адамга жукту, алардын бешөө айыгып чыкты.

Количество просмотров: 416