Шаардык мэриянын маалыматы боюнча Бишкек шаарында сейил бактар менен бульварлар ачылат.
«Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиевага жарандардын коопсуздугу үчүн санитардык нормалар менен эрежелердин сакталышын камсыз кылуу тапшырмасы берилген. Жана ошондой эле мэрия шаар тургундарын этият болууга жана аралыкты сактоого чакырды.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу сейил бактарда эс алууга тыюу салынган болчу.