• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды

5 Чын куран 2024 9:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен 2024-жылдын 4-апрелинен тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

28-мартта Бишкек шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 28-мартындагы №86 буйругу менен 2024-жылдын 28-мартынан тартып Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жетекчилик курамы өз убагында маалымдалып, райондук Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтары жер-жерлерде өз багыттары боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүштү.

Райондук администрациялардан, шаардык кызматтардан жана муниципалдык ишканалардан турган мобилдик топтор уюштурулган, алар аймактарды изилдөө жана кесепеттерин аныктоо максатында күчөтүлгөн режимде иштешкен. 29-марттын таңында борбор калаада жолдордо эч кандай тоскоолдук табылган жок. Коомдук транспорт кадимки режимде иштеген.

Белгилей кетсек, шаардык кызматтар тарабынан катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлдү.

Бишкекте катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган.

101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган.

4 участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына 31 атайын техника жана 143 кызматкер тартылган, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 21 атайын техника тартылган. Ошондой эле жоюу үчүн Чыгыш РЭСтин 12 бригадасы, Түндүк РЭСтин 10 бригадасы тартылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 749 923 (он алты миллион жети жүз кырк тогуз миң тогуз жүз жыйырма үч) сомду түздү.

Количество просмотров: 87