• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чыр-чатактан улам Бишкек шаарындагы №47 мектептебинин директору кызматынан алынды

15 Тогуздун айы 2018 17:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV
Бишкек шаарындагы №47 орто мектепте болгон окуяга, тиешелүү жетекчилер жазаларын алышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты
Маалыматка ылайык, аталган мектептин директору Салтанат Курманалиева кызматынан алынды. Ал эми вице-мэр Асель Куламбаева, мэриянын билим берүү башкармасы Сауле Мейрманова жана инспектор катуу сөгүш алды.
Эске салсак, Бишкектеги №47 мектептин 8-классынын окуучусун сабап, ур-токмокко алган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Аталган мектептин окуучусун жогорку класста окуган эки бала сабап, тишин сындырып, эрдин айрып салышканын анын апасы билдирген. Анын айтымында, баласы эсин жоготуп койгон. Учурда ал ооруканада. Балдар эмне үчүн сабаганын айтпай жатат.

 

Количество просмотров: 40