Республикалык штаб 25-марттагы Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат жыйынынын жыйынтыктарын жарыялады.
Бишкек шаарынын бардык периметри боюнча 41 блокпост жайгашкан;
коменданттык саат 20:00дөн тартып эртең мененки саат 07:00гө чейин;
маршруттук баракчаны кагаз бетине кол менен толтурса болот;
борбордон тышкары жашаган, бирок бул жерде иштеген жарандарга – иш берүүчүлөр иштегендиги тууралуу маалымат кагазын бериле турган өткөрмө кагазга ылайык берүүгө милдеттүү;
башка шаарда жашаган адамдар азыркы жашаган жеринен жашагандыгы тууралуу маалымкат (ТЖК, үй, кварталдык) жана ким экендигин тастыктаган күбөлүгү болууга тийиш;
бүгүнкү күндөн баштап такси жана коомдук транспорттун иши толугу менен токтотулду, эгер буузулар болсо, алардын жетекчилерине карата тийиштүү чаралар көрүлөт;
медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан иштөөгө милдеттүү, алардын ээлери толук кандуу иштешин камсыз кылууга тийиш;
банктар жана алардын филиалдары дагы күндүзгү убакытта, кардарларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштелип чыккан убакыт регламентине ылайык иштешет;
коомдук тамактануу жайлары жабылды, бирок күндүз алып кетүүгө гана иштесе болот жана жеткирүү кызматтарына 20:00гө чейин күндүзгү убакытта гана тамак жеткирип иштөөгө уруксат берилет;
өзгөчө абал режими тууралуу бардык суроолор боюнча 66 06 16; 66 07 10; 66 21 34; 66 02 48 номурлары боюнча кайрылсаӊыз болот;
20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат учурунда милиционерлер, медицина кызматкерлери жана коммуналдык кызматтар гана иштейт;