• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Президент: Дубайга чогултардан мурда Жээнбеков менен Атамбаевди бир столго олтургузуп, элдештиргенбиз

21 Бирдин айы 2023 12:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, мурдагы журт башчылары менен болгон жолугушуусу тууралуу кептерге жооп берди.

Жапаров маек учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу да суроолорго жооп берип жолугушуу Дубайда өткөнүнүн бирден-бир себеби да ушул богонун айткан. Ошондой эле президент өз сөзүндө мурунку президенттер Атамбаев менен Жээнбековду бул жолугушууга чейин эле кезиктиргенин айтты.

«Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин анан бардык экс-президенттерди чогулттук. Албетте ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти», — деген Жапаров.

Количество просмотров: 462