Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан «Somewhere bistro» кафеси өрттөнүп жатат. Бул тууралуу күбөлөр социалдык тармактарда видео жайгаштырышты.
Ал эми ӨКМдин маалыматы боюнча, Жибек жолу проспектиси менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де 1 бөлүм, саат 10:23тө 1 бөлүм жөнөтүлүп, жалпы 2 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылган.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери да бар.