• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борборду кыдырды

2 Бугу 2024 11:58 Бишкек Govori.TV

Мэр Айбек Джунушалиев көйгөйлүү маселелер боюнча текшерүүгө чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүү маалында төмөнкү маселелерге артыкчылык менен көңүл буруу зарылчылыгы белгиленди: жолдогу чуңкурларды оңдоо, борборду көрктөндүрүү, Бишкектин жашыл фондун жакшыртуу, жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуздукту күчөтүү сындуу ж. б. маселелер. 

Ошондой эле жашыл аймакка курулган жана архитектуралык талаптарга жооп бербеген бир нече объект аныкталды.

Калаа башчысы көп кабаттуу үйлөргө жанаша салынган дүкөн-күркөлөр аймакта тазалыкты жана тартипти сактабай жатканын белгиледи.

Борбордогу төрт райондун акимине жана Муниципалдык инспекцияга, мындай көрүнүштөргө Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар Жөнүндө Кодексине ылайык чара көрүү тапшырылды.

Айбек Жунушалиев жөө жүргүнчүлөр өтүүчү диагональ өтмөктү да текшерди. 

Тиешелүү кызматтарга бул жол белгисинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү тапшырылды.

Пилоттук долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн борбор калаанын көпчүлүк бөлүгүндө ушундай белгилерди коюуну улантуу милдети коюлганы белгиленди.

Количество просмотров: 148