• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек сотунун судьясы Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулду

9 Жетинин айы 202218:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмазбек Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаардык сотунун судьясы Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитовичтин ыйгарым укуктары токтотулду жана ал курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан 2022-жылдын 14-ноябрынан тартып бошотулду.

Количество просмотров: 194