Социалдык тармакта, ТЭЦте дагы бир авария болдубу деп чочуланса, «Улуттук энергохолдингдин» маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева бул пландык иш-чара экенин билдирди.
«Бишкекжылуулуктун кызматкерлерлери түтүктөрдө жараканын бар-жогун текшеришти. Эч кандай штаттан сырткары жагдайлар болгон жок», — деп жооп берди журналистерге Айдаралиева.