Бишкек ТЭЦиндеги авариянын кесепетинен беш жумушчу жабыркады.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 2-февралда саат 04:30дар чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунан шаардык тез жардам ооруканасына беш жабырлануучу тез жардам кызматы аркылуу түшкөнүн белгиледи.
Экөө канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Учурда эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы оор деп бааланууда. Бири күйүк бөлүмүндө, абалы орто.