Олуттуу жол кырсыгы 16-август күнү Чүй облусунун Ивановка айылында Бишкек-Ысык-Көл трассасында катталды.
Күбөлөрдүн айтымында, жүргүнчү ташыган кичи автобус жүк ташуучу унааны сүзүп кеткен.
Соккудан кичи автобустун алдыңкы бөлүгү катуу деформацияланып, айдоочу салонго кысылып, куткаруучулар аны алып чыгууга аракет кылышкан.
Жеринде ЖКККББнын кызматкерлери жана тез жардам кызматынын эки экипажы иштеди.
Жол кырсыгында ошондой эле Lexus LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабас унаа жабыркап, анын арткы бөлүгү катуу жабыркаган.
Болжолуу маалыматка караганда, жүк ташуучу унаа менен кагылышуу алдында кичи автобус жол тандабасты сүзүп алган.