• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке түз учууга болот

27 Бирдин айы 2024 9:01 Бишкек Govori.TV

Эми Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке түз учууга болот. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

«Кыргызстандын «Tez Jet» авиакомпаниясы «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алып, Бишкек жана Ош шаарларынан Өзбекстанга туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Каттамдар RJ-85 жана MD-83 учактары менен Ош — Ташкент — Ош жана Бишкек — Ташкент — Бишкек багыттары боюнча аткарылат.

Количество просмотров: 65