• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек жана Ош шаарларынын депутаттары футболдук мелдеш өткөрүшөт

7 Бештин айы 201811:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.12.2018.Govori.TV

Борборубуз Бишкек шаарынын жана ордолуу Ош шаарынын депутаттары футболдук аянтчада күч сынашып,оюн өткөрүшөт.

Бул мелдеш залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин утурлай өткөрүлүүдө.

Мелдешке Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров жана Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Осмонов баш болуп катышат.

Мелдеш Арча-Бешик конушундагы «Газпром» дене тарбия — ден-соолукту чыңдоо комплексинде, саат 15-00дө башталат.

Жаныбек Абиров бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына видео жарыялап, кабардар кылды.

https://www.facebook.com/abirovjanybek2018/videos/288630318439186/UzpfSTEwMDAwMjIzNjI3MTI5MToxOTA1NTc0NDY2MTkzNzQ0/

 

Количество просмотров: 65