• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Бишкек ЖЭБде дагы бир отказан ишке кирди

4 Бирдин айы 2024 12:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) бүгүн дагы бир отказан ишке кирди.

Энергетика министрлигинин ыкчам маалыматына караганда, учурда ЖЭБде жалпысынан 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатат.

Бишкек ЖЭБнин жалпы кубаттуугу 270 МВт.

Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20200 т/саат, температурасы 40 градустан 61 градуска чейин.

Энергетика министрлиги ЖЭБги кырдаалдан жабыркап, Түркияга дарылануу үчүн кеткен кызматкерлерден тез-тез кабар алып, алардын жакындары менен тыгыз байланышта болууда.

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 106