• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкек ЖЭБдин директору авария боюнча түшүндүрмө берди

29 Тогуздун айы 2020 16:20 Бишкек Govori.TV

Азыркы тапта станциянын иши 75 пайыз калыбына келтирилди. Бул тууралуу Жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаев бүгүн, 29-октябрда билдирди.

Анын айтымында, учурда дагы да болсо калыбына келтирүү иштери уланып жатат.

«Бүгүн, 29-октябрда болжол менен саат 13:10 чамасында ЖЭБде өчүрүү болду. Ал учурда 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткен. Мындан улам станцияга күч келген жана жылуулук берүү токтогон. Азыркы тапта станциянын иши 75 пайыз калыбына келтирилди. Кабатыр болууга эч кандай негиз жок. Авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкты», — деди Воропаев.

Ошол эле учурда мэрдин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова ЖЭБдеги агрегаттар иштен чыкканын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, борбор калаада 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчкөн. Натыйжада жол чырактар иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккандагы видео социалдык түйүндөргө жарыяланган болчу.

Количество просмотров: 297