• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутаттар үчүн уюштурулган сый тамак боюнча Министрлер кабинети түшүндүрмө берди

2 Теке 2022 8:52 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети депутаттар үчүн уюштурулган сый тамак боюнча түшүндүрмө берди.

«Мындай бейформал жолугушуулардын максаттарынын бири – аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы түз диалогду түзүү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын биргелешкен кечки тамагы бюджеттен тышкаркы каражаттардан төлөнгөнүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Өткөн иш-чарага байланыштуу чыгашаларды төлөөгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн жок жана мындан ары да бөлүнбөйт»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясынын иши жыйынтыкталды. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин депутаттарын Бишкектин ресторандарынын бирине бейформал кечки тамакка чакырган.

Количество просмотров: 180