• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Бишкек ЖЭБи кышка даяр…

10 Аяк оона 2019 13:33 Бишкек Govori.TV

«Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген, биринчи партиясы сентябрда келип калат. Бүгүнкү күнү Бишкек ЖЭБинде 80 миң тонна көмүр бар. Кара-Кеченин көмүрү да алынып келип жатат. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү». Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Белгилүү болгондой, 2019-2020-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине көмүрдүн белгиленген бир көлөмүн «КонтактУглеПром» компаниясы алып келет.

Жалпысынан күз-кыш жылытуу мезгилине 1 миллион 140 миң тонна көмүр даярдалат.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБи өлкөнүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгарган жалгыз ири ишкана болуп саналат. Кыш мезгилинде күнүнө 6-7 миллион кВт/саатка чейин иштеп чыгарат.

Количество просмотров: 73