• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Бишкекасфальтсервис» кызматкерлерди издейт

11 Чын куран 2023 10:21 Бишкек Govori.TV

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы кызматкерлерди издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:

Инженер-сметчик:

  • 18 жашка толгон КР жараны;
  • соттолгон эмес;
  • кесиптик билими;
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш тажрыйбасы;
  • КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • компьютер ж.б. техникаларды колдонуу, керектүү программарды билүү;
  • тиешелүү чөйрө боюнча билимдүү жана көндүмдөр;
  • кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ.

1 КамАЗ айдоочусу:

  • 18 жашка толгон КР жараны;
  • В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүк, тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
  • так жана жоопкерчиликтүү.

10 жол жумушчусу:

  • 18 жашка толгон КР жараны;
  • тажрыйбасы бар кесипкөй жумушчулар;
  • жаман адаттары жок;
  • ишке так жана жоопкерчиликүү;
  • нормаларга жана талаптарга ылайык иштерди аткаруу.

«Иш издеген жарандын жанында резюмеси болушу шарт. Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 10 дарегинде өтөт. Кенериээк маалымат үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 0312377717», — деп айтылат билдирүүдө

Количество просмотров: 98