• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекбашкыархитектуранын» бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

4 Жалган куран 2023 12:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан органдардын ишиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды алкагында, КР министрлер кабинетинин алдындагы курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдары тарабынан туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулган.

Такталгандай, аталган жооптуу кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы акчанын пара түрүндө алууну такай уюштуруп келишкендиги аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору Д.Ш.С. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган Д.Ш.С. мыйзамсыз иштери кылгандыгы боюнча маалыматтар алынган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралары көрүлүүдө.

Количество просмотров: 79