Штабдын чечими менен Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынан 100дөй кызматкерди Бишкекке жардамга алып келип жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Бүгүнкү күндө абал жакшыраак болгон региондордон медицина кызматкерлерин мобилизациялоону баштадык. Алдыңкылары бүгүн кечке чейин келишет. Алардын жатаканасы, орундары, бардыгы даярдалды. Алар да башка дарыгерлер сыяктуу эле маяна, кошумча төлөмдөрдү алышат», — деди Боронов.