• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекке баңгизат алып келе жаткан жигит кармалды

5 Баш оона 2020 9:24 Бишкек Govori.TV

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматкаылайык, 30-июлда Ленин РИИБге У.Н. аттуу жигит Жалал-Абад облусунан Бишкекке баңгизат алып келүүнү көздөп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган Р.С. кармалган.

«Кармалган жаран Бишкек—Ош жолундагы «Сосновка» постунда текшерүүгө алынып, унаасынан 112 грамм кочкул жашыл түстөгү зат табылды. Шектүү ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 189