Бүгүн Бишкекке«Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен 178 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мурдарак Бириккен Араб Эмираттарынын бийгили менен «Дубай-Бишкек» маршруту боюнча чартердик каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
“Аталган маселе КРнын президентинин кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча тапшырмасынын алкагында чечилген”, — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба каттамдар коронавирустун жайылуусунан улам убактылуу токтотулган.