Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу
Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекендештер 2-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Бишкек-Дакка-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен келишкен.
Өлкөгө кайтып келген мекендештердин баары көрсөтүлгөн алгоритм боюнча обсервацияларга жайгаштырылды.
«Бул авиакаттам менен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары да келишти. Аларга өзбек жана тажик тараптарынын кайрылуусуна ылайык, өлкөсүнө кайтуу үчүн транзиттик коридор уюштурулат. Чет мамлекеттерде калып калган жана мекенине кайтып келүүнү каалаган жарандарды кайтаруу боюнча иштер уланууда»,-деп айтылат маалыматта.