• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан кыргыз жарандары келди

10 Бугу 2020 15:01 Бишкек Govori.TV

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын жарандары келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10-майда ”Манас” эл аралык аэропортунда Fly Dubai авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты.

Мекенине 177 кыргызстандык учуп келди.

COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 211