• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекке дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алынып келди 

8 Теке 202013:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу Өкмөт тарабынан сатылып алынган 200 даана мобилдик кычкылтек концентратору экинчи партия катары алынып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилесек, 2020-жылдын 5-июлунда биринчи партия менен 500 даана мобилдик кычкылтек концентратору алынып келген, ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада өлкөгө жеткирилмекчи.

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронаривирустук инфекциядан жабыркаган жана өпкөсү кагынган жарандар дарыланып жаткан республиканын медициналык мекемелери арасында таркатылып берилет.

Количество просмотров: 126