• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бишкекке электробустар качан келет?

4 Чын куран 2023 17:22 Бишкек Govori.TV

Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арайа борбор калаанын мэриясы менен биргелешкен долбоордун алкагында Бишкекке электробустар качан келерин айтып берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө АӨБ артыкчылыктуу жеткирүүчүлөрдү изилдеп жатат. Электробустардын биринчи партиясы ушул жылдын аягында келүүсү күтүлүүдө.

“Бирок мөөнөт муниципалитеттин даярдык деңгээлине жараша болот, учурда бул маселени мэрия менен талкуулап жатабыз. Биз бардык инфраструктураны долбоорлоону биргеликте жүргүзөбүз. Азыр электробустар үчүн кубаттоочу станциялар даяр эмес”, — деди Кановпан Лао Арайа.

Эскерте кетсек, АӨБ 2021-жылдын декабрынын башында аккумулятордук электр автобустарын сатып алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга 50,65 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоону бекиткен.

2021-жылдын 28-декабрында министрлер кабинети менен макулдашууга кол коюлган, ага ылайык экотранспортту сатып алууга жана ага байланыштуу инфраструктураны түзүүгө 59,55 млн доллар бөлүнөт. Анын 25 млн доллары АӨБ каржылоосунун кредиттик бөлүгү, 25,65 млн доллары АӨБ гранты, 8,9 млн доллары министрлер кабинети тарабынан бөлүнөт.

Кредиттик келишимдин мөөнөтү 32 жыл. Биринчи сегиз жыл артыкчылыктуу режимге дуушар болот. Жеңилдетилген мөөнөт 1% түзөт. Андан кийин 1,5% болмокчу.

Жогорку Кеңеш тиешелүү келишимди былтыр сентябрда ратификациялаган.

Количество просмотров: 87