• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекке Казакстандан апрелге чейин 643 миң тонна көмүр келет

3 Жетинин айы 2021 15:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекке Казакстандан апрелге чейин 643 миң тонна көмүр келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында «Электр станциялары» ишканасынын директору Талайбек Бектенов билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн келишимдин негизинде учурда Кара-Жыра кенинин көмүрү келүүдө.

“Учурда кампада жалпы 203 миң тонна көмүр бар. Борбор калаага Кавак кенинен 210 миң тонна, Казакстандан 268 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 6,5 миң тонна көмүр келген”, — деп айтты Бектенов.

Количество просмотров: 161