• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекке кыз ала качып келген жаран кармалды

5 Чын куран 2021 12:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында никеге туруу максатында адам уурдоого шектелген жаран аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 23:40 чамасында «102» кызматына эркине каршы кызды ала качып кетишкен деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин эркине каршы чала тааныш жаран достору менен Ысык-Көлдөн никеге туруу максатында Бишкек шаарына ала качып келгенин жазган.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 158