• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров ККМди коюу убактылуу токтотуларын айтты. Кыз ала качкандар кармалды

13 Кулжа 2022 14:19 Бишкек Govori.TV

СООДАГЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-июнда өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акцияга чыккан соодагерлер менен жолукту.

Магазин, дүкөн иштеткендер ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюшту. Бишкектен жана өлкөнүн башка аймактарынан келген соодагерлер ККМ колдонбогондорго айып салынып жатканын айтып арызданышты.

Акылбек Жапаров митингге чыккандардын арасынан 10 чакты өкүлдү кошуп алып маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айтты. Ал ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын кошумчалады.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода сатык,  жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай милдеттүү талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат.

ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЖАҢЫ ДИРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Жылдыз Бакашова жаңы кызматка барды. Маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Жылдыз Бакашова тарых музейинин жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Учурда ал ишке киришип, милдетин аткарып жатат.

Белгилей кетсек, 62 жаштагы Жылдыз Бакашова буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ага чейин 15 жылга жакын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада директор болгон.

КЫЗ АЛА КАЧКАНДАР КАРМАЛДЫ

Чүй облусунун, Кемин районунда 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды. Бул туурасында облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришет.

Маалыматка ылайык, 11-июнга караган түнү саат 01:50 чамасында Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чым-Коргон айылында кыз ала качуу болду деген маалымат түшкөн.

Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Хонда-Инспайер үлгүсүндөгү унаасы кармалган. Аталган унаанын ичинде 20 жаштагы А. кызы З. болгон.

Кыз ала качууга шектүүлөр 28 жаштагы К.М.Б. жана Д.А.К. кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 106