Бишкек шаарында кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Орктябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-июль күнү Ч.Г. аттуу кыз милицияга арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз адамдар никеге туруу максатында аны күч колдонуу менен ала качып кетишкенин айтылган. Окуя 11-июлда саат 09:00 чамасында 8-кичи райондо болгон.
Аталган факт каттаоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
«Октябрь РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдү кармашкан. Алар – 1995-жылы туулган К.А., 1996-жылы туулган И.А., 1996-жылы туулган О.Ч., болгон. Шектүүлөр СИЗО-1 мекемесине эки айга камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери уланууда.