Кыз ала качуу боюнча социалдык түйүнгө тараган видео тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Динара Сарногоева билдирди.
Анын айтымында, кыз ала качуу боюнча милицияга расмий арыз келип түшкөн эмес.
«Бул маалымат социалдык түйүндөргө 7-октябрь күнү чыккан. Ошол күндөн баштап, облустук ички иштер башкармалыгы Талас аймагында териштирүү иштерин жүргүздү. Учурда териштирүү иштери уланып жатат. Видео тасмада Талас деп жазылганы менен ал башка региондо дагы болушу мүмкүн»,-деди Д. Сарногоева.