• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Милиция Кеминдеги кыз ала качуу фактысы катталбаганын билдирди

14 Кулжа 2022 12:47 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кеминдеги кыз ала качуу фактысы катталбаганын айтып, билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, жүргунчүлөрдүн айтымында, алар 10-июнда саат 21:00дө достору менен жолугушууга Бишкектен Токмокко чыгышкан. Кафеден түн ортосунда чыгышып, жолун андан ары улантууну чечишкен. Жолдо сөз келишпестиктен кыз таарынып, өз алдынча кетүүнү чечкен. Бирок кайра элдешип алгандан кийин Бишкекке сапар тарткан.

“Ал кыз аталган факты боюнча арыз жазуудан баш тартып, ала качуу болбогондуктан териштирүүнү токтотууну суранган”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 11-июнга караган түнү саат 01:50 чамасында Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чым-Коргон айылында кыз ала качуу болду деген маалымат түшкөнү жана ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Хонда-Инспайер үлгүсүндөгү унаасы кармалганы тууралуу маалымдалган. Аталган унаанын ичинде 20 жаштагы А. кызы З. болгон жана кыз ала качууга шектүүлөр 28 жаштагы К.М.Б. жана Д.А.К. кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени кошумчаланган.

Количество просмотров: 96