• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекке Новосибирсктен кыргыз жарандары кайтып келди

31 Бугу 2020 18:55 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропортунда 31-майда «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек рейси менен чартердик каттамын тосуп алышты, ал менен 180 КР жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Авиарейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспоралары менен биргеликте Россиянын Сибирь, Узак чыгыш жана Түндүк региондорунда жашаган КР жарандарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, кайрылуулардын түшкөн кезеги боюнча түзүлгөн.

Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга (байкоо жүргүзүүгө) белгиленген тартипте жайгаштырылды.
Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.

Количество просмотров: 32