• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекке Өзбекстандын жана Тажикстандын парламенттик делегациялары келди

16 Жетинин айы 2023 10:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстанга Өзбекстандын Олий мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева баштаган жана Тажикстандын Маджлиси Оли Маджлиси милли төрагасы Рустами Эмомали баштаган парламенттик делегациялар келишти.

Делегацияларды «Манас» эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Белгилей кетсек, парламенттик делегациялар 2023-жылдын 16-17-ноябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясынын ишине катышуу үчүн келишкен.

Количество просмотров: 66